Биринчи май жана Октябрь райондорунун жетекчилигинин төрагалыгы астында жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору менен жолугушуулар өттү.
Жылытуу мезгилинен өтүү, оңдоо иштери, мектептерди коргоо жана материалдык-техникалык жабдуу, курчап турган аймактарда санитардык тазалоону күчөтүү маселелери талкууланды.
Азыркы учурда күз, кыш айларына даярдык өз нугунда иштеп жана жылуулук берилип жатат, ошону менен бирге титулдук тизме боюнча 31 объектиде санитардык түйүндөрдө, жылытуу системасында, чатырларда жана фасаддарда оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Ал эми мектептерде жакын арада күзөт кызматы иштей турганын, мындан тышкары райондун жалпы билим берүү уюмдары үчүн интерактивдүү панелдерди сатып алууга сынак жарыяланарын, ошондой эле жылуулук түтүктөрүндө мүчүлүштүктөр орун алса, ыкчам тартипте авариялык оңдоо иштери жүргүзүлөөрү мектеп директорлоруна айтылды. Ага Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан каражат каралат.
Жыйынтыгында сунуштарды эске алуу менен кеңешменин протоколу түзүлдү.