Биринчи май акимиатынын демилгеси жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын колдоосу менен "таза патруль"акциясы өттү.
Ага райондун жалпы билим берүүчү уюмдарынын 40ка жакын активисттери катышып, аларды райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Самара Шербаева жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев тосуп алышты.
Алгач инструктаж өткөрдүк, андан соң "Шоро"компаниясынан керектүү инвентарды – кол каптарды жана таштанды үчүн атайын чакан контейнерлерди тараттык.
Ошентип, таза патруль Эркиндик бульварынан Чүй проспекти боюнча Тыныстанов көчөсүнө чейин, андан ары Бөкөнбаев көчөсүнүн жогору жагына чейин тазалоо иштери жүрдү.
Натыйжада 20га жакын контейнер таштанды чыкты, алар негизинен баштыктар, тамекинин калдыктары, желим бөтөлкөлөр жана кагаздар.
Урматтуу шаардыктар! Тазалыкты сактайлы, муниципалдык кызматтардын эмгегин сыйлайлы!