Суу тазалоо жаатындагы алдыңкы технологияларды изилдөө жана илимий  тажрыйба алмашуу алкагында Кёльн техникалык университетинин өкүлдөрү "Бишкексууканал"ӨЭБнын алдындагы аэрация станциясында болушту.

Анда Кёльнден келген коноктор саркынды сууларды натыйжалуу тазалоо үчүн колдонулган инфраструктура жана технологиялар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Станциялардын натыйжалуулугун жогорулатууда негизги ролду ойногон автоматташтыруу процесстерине өзгөчө көңүл бурулду.

Бул тажрыйба алмашуу илимий чөйрөдө жана суу тазалоо жаатында эл аралык байланыштарды чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат. Эки тарап суу тазалоо жаатында илимий-техникалык прогресске көмөктөшүүчү келечектеги кызматташтык жана алдыңкы технологиялар менен алмашуу үмүтүн билдиришти.