19-ноябрда «BILIMKANA ARENA» спорт комплексинде кыздар жана эркектер арасында бадминтон боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өтөт.
Чемпионатты Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти жана Кыргызстандын бадминтон сквош Федерациясы менен биргеликте өткөрүүдө.
Мелдештер беш категорияда жүргүзүлөт: эркектер, аялдар жана жуптар арасында.
Бардык бадминтон сүйүүчүлөрүн жана профессионалдарын чемпионатка катышууга чакырабыз.
Спорттук иш - чара саат 09:00дө башталат.
Кирүү акысыз.
Дареги: Чыңгыз Айтматов проспектиси 1а.