Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында 23-шаардык көркөм чыгармачылык жана прикладдык искусство фестивалы башталды.
Ачылыш аземге мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын директору Урмат Белекбаев катышты. Маданий иш-чара 2023-жылдын 17- ноябрына - чейин уланат.
Фестивалга катышуу үчүн 1 000ге жакын уюмдардан: 11 балдар, 17 чоңдор жана коомдук бирикмелерден, физикалык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрү менен алектенген фонддордон жана реабилитациялык борборлордон 28 арыз келип түшкөн. Жыл өткөн сайын калыстар тобу аткаруучулук чеберчиликтин жана жамааттардын активдүү катышуусунун байкалаарлык өскөндүгүн белгилешет.
Калыстар тобунда эл артистери, сүрөтчүлөр жана ЖОЖдун доценттери болду.
20 жылдан бери ышкыбоздордун искусство фестивалы жети номинация боюнча өткөрүлүп келет:
- вокал;
- хор музыкасы;
- көркөм окуу;
- музыкалык аспаптарда чыгармаларды аткаруу;
- мода көрсөтүү;
- пантомима;
- бий (жеке же топ).
Фестивалда прикладдык искусство боюнча сынактар өтүп, катышуучулар кийиз, жыгач, токуу, макраме, шуру, металл жана акварель боюнча эмгектерин тартуулашат.