Бишкекте борбор калаанын Биринчи май, Октябрь, Ленин жана Свердлов райондорунун жашоочулары арасында күзгү спартакиада өттү.
Спартакиаданын алкагында спорттук аянтчаларда волейбол, кичи-футбол, стол тенниси, аркан тартыш жана шахмат боюнча мелдештер өттү.
Ошентип күзгү спартакиаданын жеңүүчүлөрү:
- волейбол боюнча:
1-орун – Свердлов району;
2-орун – Ленин району;
3-орун – Биринчи май району;
4-орун – Октябрь району.
- кичи-футбол боюнча:
1-орун – Октябрь району;
2-орун – Биринчи май району;
3-орун – Ленин району;
4-орун – Свердлов району.
- шахмат боюнча:
1-орун – Свердлов району;
2-орун – Ленин району;
3-орун – Октябрь району;
4-орун – Биринчи май району.
- стол тенниси боюнча:
1-орун – Биринчи май району;
2-орун – Ленин району;
3-орун – Октябрь району;
4-орун – Свердлов району.
- аркан тартыш боюнча:
1-орун – Биринчи май району;
2-орун – Октябрь району;
3-орун – Свердлов району;
4-орун – Ленин району.
Катышкан бардык тургундар тиешелүү даражадагы медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.
Мелдешти Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти уюштурду.