Бишкек мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасы таштанды контейнерлерин жаңылап жатат. Атап айтканда, 530 контейнер сатып алынган.

Ошентип, 82 контейнер шаардын төрт районуна таратылып, алардын ар бири өз түсүнө боёлот.

Тешилген, сынган же өрттөлгөн контейнерлер дагы оңдолот. Ал эми жаңы контейнерлер жараксыз болуп калгандарды алмаштырат.

Белгилей кетсек, борбор калаада таштанды үчүн 5000ден ашык контейнер бар. Алар акыркы жолу 2015-жылы жаңыртылган.