Санитардык бутоо иштери өзгөчө күз-кыш мезгилинде, жашыл мейкиндиктерде шире агымы токтоп калганда зарыл.
Бүгүнкү күндө Ю.Фучик көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөсүнүн кесилиши, Абдрахманов көчөсү Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин, Москва көчөсү Логвиненко көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин бак-дарактарды санитардык бутоо иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, ишкана чогултулган жалбырактарды жана бутактарды өзүнүн питомнигинде иштетип, андан майдалоо жолу менен биогумус жасайт, ал кийин жашыл аянттарга көчөттөрдү отургузууда жер семирткич азык катары колдонулат.