Коомдук транспортто накталай эмес төлөмгө өткөндөн бери Бишкек троллейбус башкармалыгы тез-тез текшерүүлөрдү жүргүзүп келет.
Бишкек троллейбус башкармалыгынын 25 кызматкери күн сайын каттамда иштеп, айдоочулар тарабынан эреже бузуулар жана айрым жарандардын жол акысын банк аркылуу төлөөдөн баш тартып жаткандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Накталай эмес төлөмдөр төмөнкү жолдор менен мүмкүн экенин эскертебиз:
-Тулпар транспорттук карталары үч категориядагы (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
-Кыргызстандын бардык банктарынын контактсыз VISA жана ЭЛКАРТ карталары;
- NFC виртуалдык картасы;
-Тулпар, Balance, Mbank, Megapay ж.б. тиркемелерде QR сканерлөө;
-Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.