“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы борбор калааны күз-кыш мезгилине даярдоону улантууда.
Шаардын жашыл аймактарын жана көчөлөрүн тазалоо бардык жерде «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө. Аймакты тазалоодо майда тиричилик таштандылары гана эмес, жалбырактарды да чыгаруу керек.
Бул мезгилде асфальтта жаткан жалбырак массасы эки эсе кооптонуу жаратат. Бир жагынан оор металлдар жана башка зыяндуу заттар шаардагы бак-дарактарда чогулуп, алар айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизишет.
Ошондуктан, тегерек-четтерди өз убагында тазалоо абдан маанилүү.
Жалбырактардын активдүү түшүү мезгилинде аянттардагы жалбырактарды тазалоо күнүнө бир жолудан кем эмес, кечинде же эртең менен, көчөдө жөө жүргүнчүлөр жана автоунаалар аз болгон учурда жүргүзүлүшү керек.
Учурда Чүй, Манас, Тынчтык, Масалиев жана башка проспектилерде жалбырактарды кол менен тазалоо иштери жүрүп жатат.
Ата-Түрк, Каражыгач токою, Молодежный, Эмен паркы, Өкмөт сквери, Элдердин достугу жана башка парктарды да тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Буга катар эле Ю.Фучик көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөсүнүн кесилиши, Абдрахманов көчөсү Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин, Москва көчөсү Логвиненко көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки даректердеги бак-дарактарды санитардык бутоо иштери жүрүп жатат.
Санитардык бутоо иштери өзгөчө күз-кыш мезгилинде жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, ишкана чогултулган жалбырактарды жана бутактарды өзүнүн питомнигинде иштетип, андан майдалоо жолу менен биогумус жасайт, ал кийин жашыл аянттарга көчөттөрдү отургузууда жер семирткич азык катары колдонулат.