Шаардык муниципалитеттин жамааты мэр Айбек Джунушалиев менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин төрагалыгы алдында борбор калаанын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыровду узатышты.
Айбек Джунушалиев жана Куванычбек Конгантиев экс - мэрдин борбор калааны өнүктүрүүдө - жалпы билим берүүчү жана социалдык мекемелерди курууда, автобустарды ишке киргизүү жолу менен транспорттук көйгөйлөрдү чечүүдө, турак-жай конуштарын газдаштырууда, санитардык полигонду өчүрүүдө олуттуу салым кошкондугу үчүн мэриянын "Алтын Төш белгиси" менен сыйлашты.
Жыйынтыктоочу сөзүндө мурдагы мэр мэриянын жамаатына биргелешкен иши үчүн ыраазычылык билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин өлкө башчынын Жарлыгына ылайык Эмилбек Абдыкадыров Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.