Борбор калаанын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Кадыров Азамат Кадырович Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк жана жерди пайдалануу маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Уезбаев Улан Калмурзаевич Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментинин директору болуп дайындалды. Ал буга чейин транспорт департаментинин директорунун орун басары болуп иштеген.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Кадыров Азамат Кадырович

Уезбаев Улан Калмурзаевич