Олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары самбо боюнча чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту.
Спортчулар бир күмүш жана бир коло медалга ээ болушту. Спорттук самбо боюнча мелдешке 64 килограмм салмакта Белек Бараканов катышып, күмүш медаль, 64 килограмм салмакта Саяк Бараканов күжүрмөн самбо коло медаль тагынды.
Белгилей кетсек, дүйнө чемпионаты 8-13-ноябрь аралыгында Ереван шаарында (Армения) өткөн. Ага 65 өлкөнүн спортчулары катышты.