Жаңы сквер Ленин районунун "Ынтымак" конушунда Садырбаев жана Сакалдуу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Ачылыш аземине Бишкек шаардык кеңешинин өкүлдөрү, Ленин районунун акими, Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары, ошондой эле шаардыктар катышты.
Скверде балдар, воркаут аянтчасы курулуп, велосипед тебүүгө ылайыкталган. Периметри боюнча ирригациялык система жана жарыктандыруу орнотулуп, таман таш төшөлүп, бак-дарактар отургузулду.
Белгилей кетсек, парктын жалпы аянты 0,60 гектарды түзөт.
Бүгүнкү күндө сквердин аймагын көрктөндүрүү боюнча бардык курулуш-монтаждоо иштери аяктады.
Курулуш иштерин «Ак-Бата» ААК подряддык уюму жүргүзгөн.
Ошондой эле Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин веложол жана тротуар салынды. Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун жалпы узундугу 2,7 чакырым, туурасы 3 метр, веложолдун туурасы 2 метрди түзөт.
Өз кезегинде жашыл аянтты сугаруу үчүн ирригациялык системалар орнотулду. Шаардыктардын ынгайлуулугу үчүн аялдама комплекси жакшыртылды, жакында жол белгилери орнотулат.
Белгилей кетсек, курулуш иштерин «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жүргүзгөн.