Спорттук күрөш боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары 2005-2006-жылы туулган жаштар жана 2007-2008-жылы туулган уландар арасында бокс боюнча Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту.
Ошентип, 80 кг салмак категориясындагы жаштар командасынын курамында Кыргызстандын намысын спорт мектебинин окуучусу, спорт чеберине талапкер, КРнын чемпиону Мухаммед Дурсунов коргогон. Жарым финалдык беттеште спортчу өзбекстандык атаандашына утулуп, коло медалдын ээси болду.
Республиканын өспүрүмдөр курама командасынын курамына спорт мектебинин эки тарбиялануучулары кирди:
- 63 кг салмакта 2023-жылы Кыргызстандын чемпиону Ахмади Арваз;
- 66 кг салмакта 2023-жылы Кыргызстандын чемпиону Рамазан Исаев.
Ахмади чейрек финалда Индиядан келген спортчуну утуп, финалга чыгуу үчүн 5:0 эсебинде ирандыкты жеңип, финалда түркмөнстандык спортчуга жеңилип, күмүш медалга ээ болгон.
Рамазан Исаев чейрек финалда Ирактык атаандашын утуп, финалга чыгуу үчүн беттеште казакстандык боксерго утулуп, коло медалдын ээси болду.
Белгилей кетсек, мелдеш 2023-жылдын 21-октябрынан 3-ноябрына чейин Астана шаарында (Казакстан) өткөн. Чемпионатка дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн спортчулар катышты.