2023-жылдын 14-ноябрында төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү  саат 9:00дөн 15:00 гө чейин  токтотулат.

Өчүрүү району:  
- «Энесай»  конушу;
- «Дордой - 1»  конушу;
- «Дордой - 2»  конушу.

Ичүүчү сууну өчүрүү «Энесай» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы  келтирилген  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын  суранат.