Спорттук күрөш боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин бокс боюнча машыктыруучу-окутуучусу, Эл аралык категориядагы калыс Акназар Кенжебаев шахбокс боюнча дүйнө чемпиону наамын жеңип алды.
Кыргызстандык спортчулар шахмат жана бокс, спортчунун интеллекти жана дене тарбиясы айкалышкан спорттун гибриддик түрү - шахбокс боюнча дүйнө чемпионатына биринчи жолу катышты.
Чемпионат Италияда 2023-жылдын 28-октябрынан 3-ноябрына чейин 17 өлкөнүн спортчуларынын катышуусу менен өткөн.
Акназар Кенжебаев 90 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, мыкты чеберчилигин жана чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, Түркия, Франция жана Орусиянын күчтүү атаандаштарын жеңип алды.