Бишкекте түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңештин кызматкерлеринин арасында мэрдин Кубогу үчүн мелдештер өттү.
Мэр Кубогунун алкагында Бишкектин спорт аянтчаларында кичи футбол, волейбол, бильярд жана сууда сүзүү боюнча мелдештер өттү.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- кичи -футбол:
1-орун – Бишкек шаары боюнча ӨКМ;
2-орун – «Бишкексууканал» башкармалыгынын командасы;
3-орун – “Бишкекжарык” МИнин командасы.
- волейбол боюнча:
1-орун – “Тазалык” МИнин командасы;
2-орун – «Бишкексууканал» башкармалыгынын командасы;
3-орун – Бишкек шаары боюнча ӨКМнын командасы.
- бильярд боюнча:
1-орун – Бишкек шаары боюнча ӨКМдин командасы;
2-орун – “Тазалык” МИнин командасы;
3- орун – "Бишкекбашкыархитектура" МИнин командасы.
- сууда сүзүү боюнча:
1-орун – Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын командасы;
2-орун – “БЖАИ” МИнин командасы;
3-орун – Бишкек шаары боюнча ӨКМнын командасы.
Белгилей кетсек, мелдеш спорттун 8 түрү: кичи футбол, волейбол, стол тенниси, бильярд, шахмат, дартс, сууда сүзүү жана аркан тартыш боюнча өттү.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти уюштурду.