2023-жылдын 12-ноябрында 7:00дөн 23:00гө чейин Гагарин жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишинде канализациялык коллекторду куруу иштери жүргүзүлөт.

Диаметри 600 мм болгон канализация түтүктөрүн коюу боюнча курулуш-куроо иштеринин жүрүшүнө байланыштуу Гагарин көчөсү Асаналиев көчөсүнөн Псковская көчөсүнө чейин жабылат.

Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун альтернативдүү жолдорду алдын ала тандап алууну суранат.

МААЛЫМАТ: канализациялык коллектордун курулушу 2022-жылдын сентябрында башталган. Коллектордун жалпы узундугу - 11 км. Жаңы канализациялык коллектор Бишкектин түштүк жана батыш аймактарынын тургундарын жаңы агынды сууларды чыгаруу системасына кошууга мүмкүнчүлүк берет.  

Канализациялык коллектордун курулушу «Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорунун  II фазасынын алкагында жүргүзүлүүдө.