2023-жылдын 15-ноябрында саат 09:00дөн 18:00гө чейин диаметри 160 мм, узундугу 110 погон метр болгон эски түтүктү   эксплуатациядан чыгаруу жана жаңы түтүктү суу системасына кошуу иштери жүргүзүлөт.

Оңдоо иштери Бишкек ЭЭАнын чыгыш тарабында жүргүзүлөт.

Оңдоо иштерине байланыштуу Чоң-Арык районунда, Семетей көчөсүндө, Бишкек ЭЭАда жана Киргизия жаңы конушунда таза суу берүү убактылуу токтотулат.

«Бишкексууканал» башкармалыгы калкты жана мекемелерди керектүү чараларды көрүп, өз убагында ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

Убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз!