Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков мурда таштанды челектен табылган балага барды.

Борбор калаадагы №1 төрөт үйүнүн  маалыматы боюнча, баланын абалы туруктуу, ага дарыгерлердин тийиштүү медициналык жардамы  берилген.

Район башчысы тарабынан бала үчүн   керектүү буюмдар берилди.

Борбор калаанын мэриясы жаңы төрөлгөн баланын энеси турмуштук оор кырдаалга кабылып, андан баш тартууга ниеттенген учурда төрөт үйүндө жазуу жүзүндө баш тартуу жаза алаарын, же аны каалаган убакта Бишкек ш., Белорусская көч., 121-үй. дареги боюнча жайгашкан балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна калтыра аларын эскертет. Ошондой эле Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө кайрылсаңыз болот:

-  Свердлов администрациялык району  төмөнкү дарек боюнча: Бишкек ш., Чүй пр., 28, 222-кабинет; тел. 0312 53-05-76.
-  Октябрь администрациялык району  төмөнкү дарек боюнча: Бишкек ш., Байтик Баатыр көч., 17, тел. 0312 51-03-75.
-  Биринчи май администрациялык району: Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 495 "б" дареги боюнча, тел. 0312 67-03-86.
-  Ленин администрациялык району: Бишкек шаары, Литвинов көчөсү, 2, тел.0312 88-38-99 (тех. себептерден улам убактылуу иштебейт).

Зомбулуктан жана катаал мамиледен жапа чеккен балдарга жардам берүү борбору: Бишкек ш., Карасаев көч., 73, тел. 0312 44-25-10

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары, балдар-биздин келечегибиз! Балдарды пландаштырууда жоопкерчиликтүү болуңуз! Турмуштук оор кырдаалда ыйгарым укуктуу органдарга кайрылыңыз-сизге сөзсүз жардам берилет!