Борбор калаада 2023-жылкы Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн акыркы жыйындары жана чогулуштары аяктады.
Шайлоо 16-25-октябрда өтүп, жалпысынан 500 өкүл көрсөтүлгөн, алар 18-ноябрга белгиленген шаардык Курултайга катышат.
Ошентип, Октябрь районунда 140 өкүлдүн ичинен 17 делегат, Биринчи май районунда 101 талапкерден 12 делегат, Свердлов району боюнча 134 талапкерден 16 делегат, Ленин району боюнча 125 талапкердер 15 делегат шайланат.
Андан кийин шайланган 60 делегат 18-декабрга белгиленген Элдик Курултайда Бишкектин атынан чыгат.
Белгилей кетсек, шайлоо КР Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 ПЖ "Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө" Жарлыгынын, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин 5-октябрдагы №90 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө" токтомунун алкагында өткөрүлүүдө.