Биринчи май районунда салтка айланган айыл чарба жарманкеси ачылды.

Атамекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясы: эт, сүт азыктары, ун, бал, жашылча-жемиштер, жумуртка жана башка азыктар дүң баада сатылат

Жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү И.Раззаков көчөсүнүн Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн  ортосундагы бөлүгүндө саат 9:00дөн 16:00гө чейин өтөт.

Жарманкени КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Бишкек мэриясы менен биргеликте уюштурууда.