Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү  борбор шаардагы жалпы билим берүү уюмдарынын, спорт мектептеринин, балдардын көркөм өнөр жана музыкалык мектептеринин расмий тилдүү мугалимдери, ошондой эле  Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн расмий тилдүү кызматкерлери үчүн “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” деген аталыштагы окуу курстарын өткөрүп жатат.

Бул  окуу курстар “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жана Бишкек шаарынын  мэриясынын  2022-жылдын  6-июлундагы  № 116 “Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун алкагында өтүлүп жатат.