Бишкекте спорттук күрөштүн тарыхына салым кошкон Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучуларынын урматына кадеттер арасында "Кыргыз Республикасынын күрөшүнүн тарыхы" турниринин ачылышы болду.
Ачылыш аземге Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаментинин директору Жоомарт Шамканов, Кыргызстандын спорттук күрөш федерациясынын директору Мелис Турганбаев жана Кыргызстандын спорттук күрөш федерациясынын директорунун орун басары Асылбек уулу Дамирбек катышты.
Белгилей кетсек, турнирдин ачылышына КР күрөшүнүн тарыхына өлкөнүн бардык облустарынан салым кошкон эмгек сиңирген машыктыруучулар жана көрүнүктүү спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков жана Айпери Медет кызы чакырылган.
Мелдештер спорттун 4 түрү: грек-рим күрөшү, эркин күрөш, аялдар күрөшү, таэквондо WТ боюнча өткөрүлөт жана үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына чейин уланат.
Спорттук иш-чараны Р.Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти менен биргеликте уюштурууда.