Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы белгиленбеген жерлерге таштанды же башка калдыктар ташталган учурларды аныктоо, ошондой эле борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузуу боюнча рейддерди өткөрүүдө.

Эки күндүн ичинде борбор калааны көрктөндүрүү боюнча 22 эреже бузуу 255 миң сомго катталган:

- "Аризона 312" ЖЧКсы 115-берене боюнча 17000 сом суммасына.
- "Джиэффе" ЖЧКсы 115-берене боюнча 17000 сом суммасына.
- "Кульджа" ЖЧКсы 114-берене боюнча 13000 сом суммасына.
- "Палмеримпорт ЛТД" ЖЧКсы 115-берене боюнча 17000 сом суммасына.
- "Азия Экспресс ЛТД" ЖЧКсы 115-берене боюнча 17000 сом суммасына.
- "ЭКО-Полис" ЖЧКсы 114-берене боюнча 13000 сом суммасына.
- "БишкекВторРесурс" ЖЧКсы 114-берене боюнча  13000 сом суммасына.
- "Мегасити" дүкөнү 114-берене боюнча  13000 сом суммасына.
-  "Ак-Бата" кафеси жеке ишкер Бекжанов Т.Б. 115-берене боюнча 23000 сом суммасына.
- "Ширин" дүкөнү  жеке ишкер Васипов Дж.М.  115-берене боюнча  17000 сом суммасына.
- КР Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу академиясы – 115-берене боюнча 17000 сом суммасына.
- "Безлимит" сыра бары, шаар тургуну  Турдубаева Н.  114-берене боюнча 3000 сом суммасына.
- Шаар тургуну Тамбаев А. Б. 177-берене боюнча  5500 сом суммасына.
- Шаар тургуну  Сыдыков У. Ы. 114-берене боюнча 3000 сом суммасына.
- Шаар тургуну Усубалиева Г.  115-берене боюнча  5500 сом суммасына.
- Шаар тургуну Баймаханов Т.Т.  114-берене боюнча  3000 сом суммасына.
- Шаар тургуну  Осорбаева Б. 115-берене боюнча 5500 сом суммасына.
- Шаар тургуну  Инамбаева А. 115-берене боюнча  5500 сом суммасына.
- Шаар тургуну Усубалиева Л. 179-берене боюнча  5500 сом суммасына.
- Шаар тургуну Шефер И. 115-берене боюнча  5500 сом суммасына.

Муниципалдык инспекция баш калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан ар бир адам өз аймагынын тазалыгын күн сайын камсыздап турушу керектигин эскертет.

Жер-жерлерде таштандыларды же башка калдыктарды чыгаруу фактысы боюнча эреже бузуучулар күнөөсүн мойнуна алып, албаганына карабастан  протоколдор түзүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын иши боюнча кайрылууларды төмөнкү номерлерге калтырсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0990 880057;
- Октябрь району боюнча: 0555906602;
- Биринчи май району боюнча: 0551551745;
- Ленин району боюнча: 0550070505.