Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгында иш-чараларды уюштуру жана өткөрүү боюнча конференция өттү. Конференцияга шаардык УДБнын бардык жетекчилери катышты. Аталган компаниянын мааниси, иштөө тартиби жана эрежелери тууралуу Республикалык вирустарга каршы илим-изилдөө борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов маалымат берди.
Эксперттин айтымында, 2002-жылдан бери Гепатитке каршы 2,8 миллиондон ашык адам эмделген. Натыйжада вакцина алгандардын арасында бул оору менен ооругандар катталган эмес. Бул көрсөткүчтөр В,Д гепатитине жана боор циррозуна, боор рагына каршы калыптанган иммунитет пайызын аныктайт. Кан тапшыруу менен жарандар организминде кайсы оорууларга каршы иммунитет бар экенин биле алышат.
Бул үчүн Бишкек шаарындагы бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда атайын пункттар ачылган.
Процедураны жүргүзүү үчүн регистратура med.kg сайтында каалаган Үй -бүлөлүк дарыгерлер борборуна катталуу керек. Каттоо 2023-жылдын 13-ноябынан 25-ноябрына чейин созулат.