Муниципалитеттин кызматкерлери таң эрте санитардык эрежелерди бузгандарды аныктап, алар менен борбордун көчөлөрүндө тазалык эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Жеке секторлордо "Тазалык" муниципалдык ишканасы ишке ашырып жаткан катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгуунун өз графиги бар, ал эми чарбакер субъекттерге келсек, алар КТК ташып чыгаруу боюнча муниципалдык ишкана менен келишим түзүшү керек.
Эскерте кетсек, Кыргыз республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесине ылайык, таштандыны белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн 7500 сом айып салынат.
Урматтуу шаар тургундары! Сураныч, таштандыларды белгиленген жерге таштаңыз (контейнер бар жерде) же таштанды ташуучу келген күнү графикке ылайык, таштандыларды көчөлөрүңүзгө алып чыгыңыз.