Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында  МАБ башчылары имамдар менен биргеликте үй-бүлөлүк салтанаттарды жана эскерүү иш-чараларын өткөрүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Конуштардын чогулган тургундарды  Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен тааныштырып,    үй-бүлөлүк салтанаттарды, эскерүү иш-чараларын жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ашыкча жана керексиз чыгымдарды болтурбоого чакырууда.