"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жолдогу кемчиликтерди жоюуда.
Ишкананын атайын бригадасы калаанын борбордук көчөлөрүндөгү кемчиликтерди жоюп, кийинки кезектеги көчөлөргө өтүштү.
Акыркы эки айда кызматкерлер көчөнүн 27 бөлүгүндөгү кемчиликтерди жоюп, 2153 м2 ашык чуңкурларды жабышкан. Ушул эле мезгилде жылуулук тармактарын оңдогондон кийинки казылган 26 объектиде 588,3 м2 жол дефектерин жабышты.
Ошондой эле "Бишкексууканал" ӨЭБсынын 8 объекттеги жалпы аянты 220 м2 болгон казылган жерлерди асфалтьтбетон менен толтурушту.