2023-жылдын 18-19-май күндөрү Чүй облусунун Сары-Жон айылында жайгашкан 73809 коргоо Аскердик бөлүгүнүн окуу борборунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жана "2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу" Жарлыктарын ишке ашыруу максатында жана Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын 2023-жылдын 15-февралындагы №10 буйругунун негизинде жана Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата Ленин районунун жалпы билим берүү уюмдарынын 10-11-класстарынын окуучуларынын арасында аскердик-прикладдык спорт боюнча райондук спартакиада өткөрүлгөн.
2023-жылдын ноябрында 2 жана 3-орундарды ээлеген мектептер 2023-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин планы боюнча уюштурулган "Жол кыймылынын жаш инспектору" сынагынын райондук турунун жеңүүчүлөрү менен бирге Ала-Арча улуттук паркында бир күндүк экскурсияга чыгышты. Анда ар кандай спорттук оюндар (аркан тартыш, кол күрөш, эстафета), байгелер уюштурулду. Экскурсия көңүлдүү өттү.