Биринчи май райондук акимиатынын жыйындар залында пландык жыйын   өттү.

Башчынын биринчи орун басары Райым Жолдошов шаардык жана райондук кызматтардын катышуусунда "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын, райондук билим берүү башкармалыгынын аткарган иштери боюнча эки маселени карады.

Жыйынтыгында тапшырмалардын протоколу түзүлдү:

- "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы Эркиндик бульвары боюнча Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин  иштебеген көчө чырактарын калыбына келтирсин,  Жибек-Жолу проспектиси боюнча Т. Молдо көчөсүнөн  Манас проспектисине чейин жарык орнотууну 2024-жылдын титулдук барагына киргизсин жана эсептөөлөрдү жүргүзсүн;

- "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы  №20 бала бакчасынын аймагындагы авариялык бактарды санитардык бутоо иштерин жүргүзсүн, жашыл бак-дарактарды текшерүү боюнча   график  түзсүн, ошондой эле жалбырактарды жана бутактарды жыйноо иштерин өткөрсүн;

- МАБнын жана билим берүү башкармалыгынын жетекчилери "Санарип аймак" системасында шаардыктарды, мектеп жана бала бакчалардын окуучуларынын ата-энелерин каттоо боюнча иштерди күчөтсүн;

- Күзгү каникулдун аягына чейин №18 мектептин жаңы корпусун электр жылытууга кошуу боюнча иштерди аяктасын.

- "Тазалык" МИси таштандыларды өз убагында ташып, райондун көчөлөрүн санитардык тазалоону жүргүзсүн.

- "Бишкекасфальтсервис" МИси "Көлмө" конушунда Козу-Баглан жана Алтын-Бешик көчөлөрүнө    шагыл төшөө маселесин карасын.

Көрсөтүлгөн милдеттер администрациянын жетекчилиги тарабынан көзөмөлдөнөт.