Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бүгүн эртең менен көчмө жыйын өткөрүп, Октябрь жана Ленин райондорунда санитардык тазалоо жана катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча шаардык кызматтардын иши менен таанышты. Муниципалитеттин башчысы «Тазалык» МИнин ишинин сапатын текшерип, ошондой эле аталган райондордун акимдеринин аймактардын санитардык абалына жана көрктөндүрүүсүнө көзөмөлдүн деңгээлине баа берди.

Борбор калаанын мэри менен бир убакта мэрдин орун басарлары да аларга бекитилген райондук муниципалдык администрациялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча саат 6.00дөн баштап текшерүү иштерин жүргүзүштү.

Борбор калаанын райондорун жана көчөлөрүн кыдыруу, мэрдин жана анын орун басарларынын жер-жерлерде иштин абалы менен жеке таанышуусунун жыйынтыгы боюнча мэрияда жыйын болуп, анда баа берилип, керектүү тапшырмалар берилди. Ошентип, эртең мененки пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө катталган көптөгөн кемчиликтердин негизинде “Тазалык” ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты, ошондой эле райондун жетекчилеринин көрктөндүрүү, санитардык тазалоо, тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу боюнча иш-аракеттери жалпысынан канааттандырарлык деңгээлден төмөн деп бааланды.

А.Джунушалиев ошондой эле турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басарына, райондордун акимдерине Бишкек шаарын көрктөндүрүү боюнча Эрежелердин жоболорун заманбап шарттарды эске алуу менен жаңылоо жана жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүнү жана шаардын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, чарбалык субъектилерге жана жеке адамдарга тең жоопкерчилигин жогорулатууну тапшырды. 

Мэрдин орун басарларына каралып жаткан тармактар боюнча райондордун акимдеринин ишмердүүлүгүнө расмий баа берүү, ошондой эле райондук деңгээлдеги жетекчилерге карата мүмкүн болуучу тартиптик жаза чаралары боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды. Муну менен катар мэр шаардагы райондордун акимдерине тиешелүү жоопкерчиликти көрсөтүп, райондордогу мекеме-ишканалардын жана кызматтардын ишин өз убагында жана натыйжалуу көзөмөлдөө боюнча ишти күчөтүүнү сунуштады. Саат 7.00гө чейин райондук муниципалдык администрациялардын башчылары кызматтар тарабынан аткарылган иштердин сапаты тууралуу маалыматка ээ болууга милдеттүү.

Мэр А.Джунушалиев саат 7.00дөн кийин “Тазалык” ишканасынан атайын техникалардын, ошондой эле башка коммуналдык кызматтардын келишин токтотуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды. Эртең мененки кызуу маалда шаар жолдорундагы тыгындарды жоюу үчүн мэр ошондой эле ар кандай жүктөрдү ташып келүү менен алектенген, мисалы, саат 07.00дөн кийин борбор калаадагы соода түйүндөрүнө товарларды жеткирүү менен алектенген чоң унаалардын эртең мененки жүрүүсүнө чектөө/тыюу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Райондордун акимдери Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык чарбакер субъекттердин чектеш аймактарын аларды санитардык тазалоо боюнча техникалык карталарын кайрадан бекитүүлөрү зарыл. Муниципалдык инспекцияга муниципалдык милициянын ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана түзүү боюнча сунуштарды киргизүү, инспекциянын кызматкерлерин алардын иш-аракеттеринин түшүнүксүз жоруктарын жоюу үчүн камералар менен камсыз кылуу маселесин чечүү, ошондой эле борбор калаанын чарбалык субъектилерине рейддерди күчөтүү тапшырылды.