Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугушту.
Делегаттардын катарына ЕРӨБдүн Кыргызстандагы директору Айтен Рустамова жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы директорунун орун басары Таалай Асылбеков кирди.
Күн тартибинде 2023 жана 2024-жылдары ЕРӨБдүн инвестициялык ишмердүүлүк, колдонуудагы долбоорлор портфели жана жаңы инвестициялар боюнча маселелер талкууланды.