Бишкектеги Ленин районунун №84 мектебинде кыргыз тилинин 34 жана Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган «Аалам алпы - Айтматов жана Эне тил» аттуу №84 жана №77 мектептеринин окуучуларынын ортосунда кароо-сынак болуп өттү.

Иш-чарага Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев, БШКнын депутаты Улан Сариев жана Ленин районуна караштуу билим берүү башкармалыгынын директору Таалайгүл Темирканова катышты. 

Ар бир командада 12ден катышуучу болгон, сынак Ч.Айтматовдун чыгармаларынан саламдашуу, театралдаштырылган инсценировка, жандуу үн менен музыкалык аткаруу, монолог жана Ч. Айтматовдун чыгармаларынан сүрөттө чагылдыруу сыяктуу беш номинациядан турган.

Сынактын жыйынтыгы боюнча эки команда тең биринчи орунду алып, Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга жолдомо алууга сертификат алышты.