Бишкекте 19-октябрдан 22-октябрга чейин   Свердлов районунун жашоочулары арасында күзгү спартакиада  өттү.

Спартакиаданын алкагында № 17, 18, 19, 20, 21  МАБдын жашоочулары арасында волейбол, кичи футбол, стол тенниси, аркан тартыш жана шахмат боюнча мелдештер №16 жана №66 мектептеринин   аянтчаларында  өткөрүлүп,  жалпысынан 200 адам катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга төмөнкүлөр ээ болушту:

- волейбол боюнча:
1 орун-№ 18 МАБ;
2 орун-21 МАБ;
3-орун - №20 МАБ.

- кичи-футбол боюнча:
1-орун-№17 МАБ;
2 орун-№19 МАБ;
3-орун - №18 МАБ.

- шахмат боюнча:
1-орун-№19 МАБ;
2 орун-№17 МАБ;
3-орун - №20 МАБ.

- стол тенниси боюнча:
1-орун-№17 МАБ;
2 орун-№19 МАБ;
3-орун - №18 МАБ.

- аркан тартыш боюнча:
1-орун-№17 МАБ;
2 орун-№19 МАБ;
3-орун - №20 МАБ.

Катышкан бардык тургундар тиешелүү даражадагы медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Мелдешти Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти уюштурду.