Райондук акимиаттарда укук бузуулар боюнча комиссиялар өз ишин улантууда.

Биринчи май акимиатында Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан түзүлгөн КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык беш протокол каралды.

"Аймакта көрктөндүрүү эрежелерин бузуу"  114-беренеси боюнча "Тазалык" муниципалдык ишканасына 13 000 сомдон эки айып пул, жыйынтыгында 26 000 сом айып салынды.

Ушул эле жорук үчүн "Борсан Констракшн" жана "Универсал Строй" компанияларынын курулушуна карата 13 000 сомдон өндүрүү чечими кабыл алынып, анын суммасы 26 000 сомду түзгөн.

"Белгиленбеген жерлерге таштанды чыгаруу, өрттөө"  115-берененин 1-бөлүгү боюнча «Sound KG» музыкалык дүкөнүнө 17 000 сом айып салынды.

Жыйынтыгында бузуулар боюнча протоколдордун суммасы 69 000 сомду түздү.

Белгилей кетсек, укук бузуулар боюнча комиссия КР мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана бекитилген комиссиянын жобосунун негизинде жумасына бир жолу өтөт.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Сураныч, санитардык нормаларды  жана көрктөндүрүү эрежелерин сактаңыз. Болбосо, инспекция тарабынан менчигинин түрүнө карабастан протоколдор түзүлөт.