Октябрь акимиаты Чүй башкы суу чарба башкармалыгы менен биргеликте калкты жаратылыш кырсыктарынан коргоону камсыз кылуу жана райондун дарыя, каналдарын тазалоо максатында жыйын өткөрдү.
Жарандык коргонуунун алкагында Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларындагы көйгөйлүү тилкелерди жана ирригациялык каналдарды таштандылардан тазалоо иштери ӨКМдин райондун башкармалыгына, МАБга жана «Бишкекжашылчарба» МИге жүктөлдү.
Мындан тышкары, МАБдын жетекчисине коопсуздук жана өрт коопсуздугу боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Бул иштер жакын жайгашкан үйлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.