Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги жана Өнүктүрүү саясат институту жарандык сектордун өкүлдөрү үчүн консультациялык жолугушуу өткөрдү.
Белгилей кетсек, шаарды өнүктүрүүгө багытталган демилгени Бишкектин ар бир тургуну, ошондой эле жарандык бирикмелердин өкүлдөрү бере алат.
Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга болгон конституциялык укугун ишке ашыруу максатында Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек шаарынын жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн «Ачык Бишкек» комитети ачык-айкындуулукту, отчеттуулукту жана шаарды өнүктүрүүгө жарандардын катышуусун күчөтүүгө багытталган демилгелерди кабыл алууну жарыялайт.
«Ачык Бишкек» долбоорунун максаты – Бишкек шаарынын мэриясы менен Бишкек шаарынын жарандык коом уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандар менен биргеликте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачыктыгынын жана отчеттуулугунун идеяларын, инструменттерин жана механизмдерин киргизген платформаны түзүүгө багытталган.
Демилгени төмөнкү шилтеме аркылуу тапшырсаңыз болот: http://www.ogp.el.kg/ru/podat-iniciativu