Биринчи май районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн аскер кызматчылары жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында коопсуздук чаралары боюнча инструктаж өткөрүштү.
№29 мектептин базасында райондук билим берүү башкармалыгынын, мектеп жана бала бакча директорлорунун орун басарларынын катышуусу менен эвакуация планы, туура иш-аракеттер, эвакуация учурундагы каталар жана себептер, ошондой эле өрт өчүрүүнүн баштапкы жана стационардык каражаттарын колдонуу, алардын жайгашкан жери жана колдонулушу боюнча билим берилди.
Эң негизгиси кырсыктарда жана өрттө жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү жөндөмү белгиленди
Бул багыттагы жолугушуулар уланууда.
Белгилей кетсек, район аймагында 23 мектеп, 18 бала бакча бар.