Бишкек шаарындагы № 69 ОТК мектеп-гимназиясында мектеп китепканачылары үчүн тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө арналган эскерүү кечеси өткөрүлдү.
Иш-чарага «Жаңы китеп» мекемесинин директору Т.А. Аматов, №69 ОТК мектеп-гимназиясынын директору С. Т. Атаева, ошондой эле 83 мектеп китепканачысы катышты.
Эстеликтин урматына 10 жана 11-класстын окуучулары стенд жасап, 1916-жылдагы тарыхый окуялар боюнча мектеп окуучуларынын сүрөттөрү түшүрүлгөн плакаттарды жайгаштырышты.
Иш-чарада «Кыргызстанда Совет бийлигинин орношу. Саясий репрессиялар», «Үркүн 2016», «Улуу Алай ханышасы Курманжан Датка», «Кыргызстандын баатырларын эскерүү».
Өз кезегинде китепканачыларга тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө арналган китеп көргөзмөлөрүн уюштуруу, ошондой эле жогорку класстын окуучулары үчүн «Эскерүү кечеси», «Эрдик сааты» жана «Кыргызстандын баатырлары» темаларында сабактарды өткөрүү сунушталды.