Биринчи май районунда кыргыз тилине жана Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган “Ырым менин канатым” аттуу поэзиялык жолугушуулар өттү.

Жаш акындар Жуса Касиетов, Жылдыз Сулайманова жана манасчы Адиана Аманбекова №83 жана №69-мектептеринин окучуулары менен жолугушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө  акындар өз чыгармаларын окуп, балдарга узатып, кыргыз поэзиясы тууралуу кеп кылышса, келген коноктор үчүн мектеп окуучулары видеороликтерди даярдап, ырларды окуп, «Маш ботой», «Алтын балалык» күүлөрүн тартуулашты.

Ошондой эле чыгармачыл интеллигенцияга катышуучулар кызыктырган суроолорун беришти.

Соңунда жаш угармандар  жаш калемгерлерге келгендиги үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, жакын арада жолугушууга тилектеш экендигин билдиришти.