Муниципалдык администрацияда салттуу жумушчу жыйындар өттү.
Биринчи май районунун акими Мурат Осмонов шаардык жана райондук кызматтар менен биргеликте күн тартибинде үч маселени: пландуу жыйындар жана жеринде кыдыруулар боюнча протоколдук тапшырмалардын аткарылышы, мыйзамсыз объекттерди муниципалдык менчикке кайтаруу, демонтаждоо жана райондогу коомдук-саясий кырдаал боюнча аткарылган иштерди карады.
Алсак, башчынын тапшырмасы боюнча жыл башынан бери пландуу жыйындардын жыйынтыгы менен 126 тапшырма берилип, анын 87ү аткарылып, 31и учурда аткарылып жатат, 8 маселе боюнча каражат каралбагандыгы, район боюнча 52 пункттан турган тапшырманын тизмеги түзүлүп, анын 17си аткарылган, 11и иш жүзүндө, 10у бюджетте каралган эмес, 14ү бүтө электиги маалымдалды.
Белгилеп кетсек, тапшырмалар негизинен көрктөндүрүү, жолдор, коомдук бакчалар, ирригация, канализация, газ менен камсыздоо, транспорт, жерге укук белгилөөчү документтерди алуу, турак-жай, санитардык тазалоо жана башка көптөгөн нерселерге тиешелүү.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы бүгүнкү күндө 354 жеңил объекттерди, 76 капиталдык имаратты демонтаждап, 1315 жарнак конструкцияларын алып, муну менен 2000 чарчы метрге жакын муниципалдык жерди бошотууга тийиш.
РИИБ билдиргендей, райондо коомдук-саясий абал туруктуу, мындан тышкары Биринчи май райондук соту Биринчи май муниципалдык администрациясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жана Россия Федерациясынын элчилигинин жанында тынч митингдерди жана чогулуштарды өткөрүүгө чектөө киргизүү чечимин күчүндө калтырды.
Бул чектөөлөр 2023-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин күчүндө болот.
Эми бардык жыйындар, митингдер Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги М.Горький аянтында өтөт.
Пландоо жыйындын жыйынтыгы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен кызматтарга тапшырмалардын протоколу түзүлдү.