Мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында Бишкектин мектептеринде кыргыз тилин жана Ч.Айтматовдун чыгармаларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар уланууда.
Биринчи май районундагы №18 мектепте ар улуттун окуучулары арасында “Ырдайлы кыргыз ырларын” кароо-сынагы өттү.
Катышуучулар залкар жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү кыргыз тилинде окуу боюнча жарышты.
Жыйынтыгында чыгармачылык турнирдин жеңүүчүлөрү болуп:
- 1-орун – 9-класстын окуучусу Алина Юн;
- 2-орун – 3-класстын окуучусу Лиза Карнюхина;
- 3-орунду 5-Б классынын окуучулары Карина Ким жана Салия Коконова бөлүштү.
Жеңүүчүлөргө дипломдор жана белектер тапшырылды.