Мэрдин орун басары  Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясында социалдык маанилүү жана өзгөчө кооптуу оорулар боюнча координациялык комитеттин, ошондой эле саламаттыкты сактоо системасын башкаруу боюнча шаардык координациялык комиссиянын жыйыны өттү.

Отурумдун жүрүшүндө кургак учук оорусу боюнча эпидемиологиялык абал жана Бишкек шаарынын калкынын арасында анын өсүшүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагындагы сибирь жарасы  очогун кармоо боюнча эпидемияга каршы иш-чараларды аткаруу маселеси каралды.

Жыйындын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын башчыларына жана шаардык кызматтардын жетекчилерине өздөрүнө бекитилген аймактарда калк арасында кургак учуктун алдын алуу боюнча маалыматтык-агартуу иштерин туруктуу негизде жүргүзүү,   саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлерине кургак учук менен ооругандарды активдүү аныктоо, Бишкек шаарынын аймагында кургак учук менен ооругандардын абалына мониторинг жүргүзүү боюнча окууларды өткөрүү чечими кабыл алынды.

Бишкек шаарынын аймагындагы сибирь жарасы  очогун кармоо  боюнча эпизоотияга каршы иш-чараларды ишке ашыруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 517 «Эпизоотиялык бейпилдикти жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө»  токтомун аткаруу,  сибирь жарасы очокторуна (саркофаг) жакын жерде мал жаюуга жол бербөө боюнча тургундар менен профилактикалык иштерди жүргүзүү, анын аймагын мамлекеттик жана расмий тилдерде жаңыртылган маалымат такталары менен белгилөө боюнча тапшырмалар берилген.

Мындан тышкары, жетекчилерге чоңдордун жана балдардын жугуштуу ооруларын иммунопрофилактикалоо боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.