Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмасынын негизинде Биринчи май акимчилигинде жумушчу кеңешме өттү.

Район акими Мурат Осмонов жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин орун басарлары менен жолугушту.

Жолугушууда «Санарип Аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасын толтуруу, тактап айтканда, системага милдеттүү түрдө катталуу боюнча студенттерге  түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин муниципалдык аймактык башкармалыктарда (МАБ) адистер маалымат, даректерди киргизүү боюнча иш алып барышат:

- №12 МАБ, Токтоналиев көч., 6Б, 0312 54-70-06, 54-62-60, 54-18-69;
- №13 МАБ,  Васильев көч., 95, 0312 37-17-80, 37-17-07;
- №14 МАБ, «Көлмө» конушу,  Максат көч. 40а, 0312 32-82-70, 32-82-67;
- №15 МАБ, Касым конушу, Кайназаров көч., 102, 0312 35-42-21;
- №16 МАБ, Ак-Босого конушу,  Профессор Зима көч., 264, 0312 67-95-38.

«Санарип Аймак» АИСтин негизги максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адистердин ишин автоматташтыруу, мында жарандар жашаган жеринен, үй-бүлө курамынан, «Тундук» электрондук тиркемеси аркылуу мектеп, медициналык жана башка көптөгөн маалыматтарды үйдөн чыкпастан эле ала алышат.