Бишкекте түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин кызматкерлеринин арасында Бишкек шаарынын мэринин Кубогу үчүн мелдештер өтүп жатат.

Ошентип, мэрдин Кубогунун алкагында 2023-жылдын 14-октябрынан 29-октябрына чейин спорт аянтчаларында дартс, аркан тартыш жана шахмат боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча орундар төмөнкүдөй бөлүндү:

- дартс боюнча:
I-орун – «Тазалык» МИнин командасы;
II-орун – Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрациянын командасы;
III-орун – «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын командасы.

- шахмат боюнча:
I-орун – Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын командасы;
II-орун – Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрациянын командасы;
III-орун – Бишкек шаарынын мэриясынын Турак жай-коммуналдык чарба департаментинин командасы.

- аркан тартыш боюнча:
I-орун – Бишкек шаары боюнча ӨКМдин командасы;
II-орун – «Зеленхоз» МИнин командасы;
III-орун – Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын командасы.

Белгилей кетсек, мелдештер спорттун 8 түрү боюнча: кичи-футбол, волейбол, стол тенниси, бильярд, шахмат, дартс, сууда сүзүү жана аркан тартыш боюнча өткөрүлүүдө.