Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков жолдордун курулушун текшерди.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын жол куруучулары жолдорду асфальттоону улантышууда.

Бүгүнкү күндө Менделеев, Үсөнбаев, Сүйүмбаев, Енисей, Хивинский, Магадан, Питомник көчөлөрүндө жана Куруучулар шаарчасы кичи районундагы жолдорду капиталдык оңдоо иштери аяктады. Ошондой эле, Элебесов көчөсү аяктоодо.

Мындан тышкары Арал жана Керченский тар көчөлөрүндө асфальт-бетон төшөө иштери жүрүп жатат.

Февраль  тар көчөлөсүндө жана Федоров, Феодосей, Фрунзе көчөлөрүндө оңдоо иштери кызуу жүрүүдө, тагыраак айтканда асфальт төшөөгө даярдалууда.

Ошондой эле Мажурум-Тал жана Керамика көчөлөрүндө курулуш иштери башталды.

Текшерүүнүн  жыйынтыгында Свердлов районунун башчысы подрядчиктерге үйлөрдүн кире бериши менен жолдун ортосундагы кошулушун сапаттуу бүткөрүүнү жана суук түшкөнгө чейин кыска мөөнөттө ишти күнү-түнү менен уюштурууну тапшырды.