Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы №68 мектеп-гимназиясынын аймагына спорт залы менен спорт корпусунун курулушун улантууда.

Учурда биринчи жана экинчи кабаттын кирпич дубалдарын орнотуу, чатырын жабуу, футбол аянтчасын, откананы, воркаут зонасын куруу иштери жүрүп жатат.

Имараттын жалпы аянты- 1111,49 чарчы метр. Ал эми жердин аянты- 2,3 га.

Курулуш мектеп аянтынын түштүк-батыш тарабында, колдонуудагы спорт аянтчасынын ордуна долбоорлонгон. Бир блоктон турган 3 кабаттуу спорт корпусу жана газ жабдуусу менен откана курулат.

Ошондой эле универсалдуу спорт аянтчасы, чуркоо, машыгуу жана активдүү оюндар үчүн аянтча (башталгыч класстар үчүн) каралган.

Спорт корпусун куруу үчүн «Аргын Курулуш» ЖЧКсы подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.