Бишкекте спорттун 12 түрү боюнча «Мектеп лигасы» уланууда. Мелдештерге Бишкек шаарындагы 100дөн ашык жалпы билим берүүчү мектептер, гимназиялар жана жеке мектептер катышып, жалпысынан 15 миңден ашуун мектеп окуучулары катышууда.

Программанын алкагында 2023-жылдын 29-сентябрынан 30-октябрына чейин Ленин районунда № 95 орто мектебинин базасында футбол боюнча мелдештер   өттү. Турнирге 17 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болушту:

1-орун – №50 орто мектебинин командасы;
2-орун – №68 мектеп-гимназиясынын командасы;
3-орун – №79 орто мектебинин командасы;
4-орун – №40 орто мектебинин командасы.

Мелдештин бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери тиешелүү даражадагы кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Мелдештерди Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурууда.